Перуда сел жүрүп 6 киши каза болду
Жетекчилер дарыялардын ташуу коркунучу жогору экенин айтып, элди сак болууга чакырды.
1958201
Перунун түндүк аймактарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селде ушул убакка чейин 6 киши каза болду.
Улуттук жарандык коргонуу институтунун (INDECI) маалыматына караганда, Пиура жана Ламбаеке аймактарында катуу жааган жамгырдан улам 749 үйдү суу каптады.
Катуу ташкындан 6 киши каза болуп, издөө - куткаруу иштери тынымсыз уланууда.
Кажамарка, Ламбажеке, Пиура жана Тумбес шаарларында олуттуу жаан-чачын күтүлгөнүн жарыялаган Улуттук жарандык коргонуу институту бул шаарларда кызыл эскертүү жарыяланганын белгиледи.
Жетекчилер дарыялардын ташуу коркунучу жогору экенин айтып, элди сак болууга чакырды.