Кытайдын жаңы премьер - министри Ли Чианг болду
Президенттин сунушу менен Улуттук Элдик Конгресси тарабынан премьер - министр болуп шайланган Ли кызматын келерки 5 жылда да улантат.
Кытайда өлкөнүн жаңы премьер - министри болуп Кытай Коммунисттик партиясынын туруктуу комитетинин мүчөсү, Шанхай партиясынын мурдагы катчысы Ли Чианг шайланды.
Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын 14 - мөөнөтүнүн 1 - жалпы кеңешинде борбор шаар Пекинде президент Си Цзиньпин Лини премьер-министрликке талапкер көрсөттү.
Ли өлкөнүн эң жогорку мыйзам чыгаруу органы болгон Кытай Коммунисттик партиясынын бүгүн эрте мененки жалпы кеңешиндеги отурумунда бир гана талапкер болгон добуш берүүдө 2936 делегаттын 3 каршы, 8 калыс добушун алып, премьер-министр болуп шайланды.
Шайлоодон кийин президент Си Линин шайлангандыгына байланыштуу президенттик жарлыкка кол койду.
Кытай конституциясы боюнча премьер - министрдин кызмат мөөнөтү эки мезгил менен чектүү болгондуктан 2013 - 2018 жана 2018 – 2023 – жылдары 1 жылдык мөөнөт менен эки мезгил премьер - министрлик кызматын аткарган Ли Кициян кызматын өткөрүп берди.
Президенттин сунушу менен Улуттук Элдик Конгресси тарабынан премьер - министр болуп шайланган Ли кызматын келерки 5 жылда да улантат.