Индонезиядагы Мерапи жанар тоосу жарылды
2010 - жылы Мерапи жанар тоосунда болгон жарылуулардан кеминде 200 киши каза болуп, жүздөгөн киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.
1958264
Индонезиянын эң активдүү вулкандарынын бири Мерапиде жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00 чамасында жарылуу болду.
Жанар тоо 7 чакырымга чейин күл жана түтүн чачып, 1,5 чакырымга созулган лава агымынын байкалганы маалымдалды.
Вулканга жакын аймактарда жашагандардан аймактагы бардык иш-аракеттерди токтотуулары талап кылынды.
Азырынча эч ким эвакуациялана элек.
2010 - жылы Мерапи жанар тоосунда болгон жарылуулардан кеминде 200 киши каза болуп, жүздөгөн киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.