Нигерияда Боко Харамдын 1332 террористти багынды

Нигериянын Коргоо министрлигинин медиа операцияларынын директору Муса Данмадами акыркы эки жумада коопсуздук күчтөрүнүн Борно штатында террордук уюм Боко Харамга каршы операция жүргүзүлгөнүн белгиледи.

1957861
Нигерияда Боко Харамдын 1332 террористти багынды

Нигериянын түндүк-чыгышында эки жуманын ичинде Боко Харамдын 1332 мүчөсү багынды.

Нигериянын Коргоо министрлигинин медиа операцияларынын директору Муса Данмадами акыркы эки жумада коопсуздук күчтөрүнүн Борно штатында террордук уюм Боко Харамга каршы операция жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Данмадами операцияларда 1332 террористтин үй-бүлөлөрү менен коопсуздук күчтөрүнө багынгандыгын айтты.

Террористтер тарабынан барымтага алынган 19 жарандын куткарылгандыгын белгилеген Данмадами  уюм 8 мүчөсүнүн таасирсиз абалга келтирилгенин, уюмга логистикалык колдоо көрсөткөн 35 кишинин да колго түшкөнүн белгиледи.

Нигерияда 2000 - жылдардын башында чыккан Боко Харамдын  2009 - жылдан бери ишке ашырган массалык террордук кол салууларында  20 миңден ашуун адам каза болду.

Террордук уюм 2015-жылдан бери өлкөнүн чек арасындагы коңшулары Камерун, Чад жана Нигерде да кол салууларды ишке ашырууда. Уюмдун Чад көлү аймагындагы кол салууларында кеминде 2 миң киши каза болду.

Өлкөдөгү террордук чабуулдардан жана кагылышуулардан улам жүз миңдеген адам көчүүгө аргасыз болгон.

 



Тектеш кабарлар