Израиль күчтөрү 3 палестиналыкты өлтүрдү

Израиль аскерлери Женин шаарына караштуу Жаба аймагында рейд жүргүздү.

1957176
Израиль күчтөрү  3 палестиналыкты өлтүрдү

Израиль күчтөрү оккупациядагы Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женин шаарында жүргүзгөн рейдде 3 палестиналыкты өлтүрдү.

Израиль аскерлери Женин шаарына караштуу Жаба аймагында рейд жүргүздү.

Чатырларга снайперлерди жайгаштырыган Израиль күчтөрү рейдде Жабага жакын жердеги Ел  -  Фаввара аймагында ичинде үч жаш жигит болгон унаага ок атты.

Израиль аскерлери аткан ок менен 3 палестиналык каза болду.

Израиль армиясы жылдын башынан бери палестиналыктар көп жашаган, оккупация астындагы Батыш Шерианын түрдүү жерлеринде жүргүзгөн рейд жана камакка алуу операцияларын көбөйттү.

Израиль аскерлери рейддерге нааразычылык  көрсөткөн палестиналыктарга пластикалык октор менен бирге чыныгы октор менен да кийлигишүүдө.

Батыш Шерианын түндүгүндө өзгөчө Женин жана Наблус сыяктуу аймактарда да палестиналык куралдуу топтор жана Израиль аскерлеринин ортосунда кагылышуулар болууда.



Тектеш кабарлар