Орусия менен Украинанын ортосундагы туткун алмашуу

Туткун алмашуунун негизинде жалпысынан 220 киши бошотулду.

1956387
Орусия менен Украинанын ортосундагы туткун алмашуу

Орусия менен Украинанын ортосундагы туткун алмашуунун негизинде жалпысынан 220 киши бошотулду.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында туткунга алынган өмүрү коркунучта болгон 90 орус аскеринин Киев башкаруучулугунун көзөмөлүндөгү жерлерден кайтканы белгиленди.

Бошотулган аскерлердин дарылануу жана реабилитация үчүн Орусиянын Аскердик Аба күчтөрүнө таандык учак менен борбор шаар Москвага жеткирилери кабарланган билдирүүдө, аскерлерге керектүү психологиялык жана медициналык жардамдардын көрсөтүлөрү айтылды.

Украинанын Президенттик аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак да Telegram баракчасынан билдирүү жасап: «Дагы бир туткун алмашуу. Биз 130 жоокерибизди кайтара алдык, анын ичинен төртөө аял»,- деди.

Алардын 87синин Мариуполдо туткунга түшкөн аскерлер экенин белгилеген Ермак, Бахмут жана Соледар аймактарынан 35 аскерди кайра алып келгендерин маалымдап: «Бүгүн биз алып келген адамдардын көбү оор жаракат алгандар. Президентибиз Владимир Зеленский айткандай, мамлекет алардын ар бирине көңүл бурушу керек. Ар бир баатырыбыз мамлекет аларга маани бергенин сезиши керек»,-деди.



Тектеш кабарлар