Израиль бир ай мурда болгон кибер чабуул тууралуу Иранды айыптады

Хайфадагы Technion приладдык инженерия институтуна кибер чабуулду «MuddyWater» аттуу ирандык хакердик топтун жасагандыгы белгиленди.

1956545
Израиль бир ай мурда болгон кибер чабуул тууралуу Иранды айыптады

Израил болжол менен бир ай мурда өлкөнүн эң ири институттарынын бирине жасалган кибер чабуул тууралуу Иранды айыптады.

Израилдин телекөрсөтүү корпорациясына караштуу Улуттук Кибер Коопсуздук Башкармалыгы тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Хайфадагы Technion приладдык инженерия институтуна кибер чабуулду «MuddyWater» аттуу ирандык хакердик топтун жасагандыгы белгиленди.

Жүргүзүлгөн териштирүүнүн негизинде топтун операциялык системаларды шифрелөө үчүн жасалган зыяндуу программаларды колдонгондугу билдирилип, ушул эле топтун дүйнөдө бир нече кибердик кол салуулардан жооптуу экендигинен күмөн саноолордун бар экендиги белгиленди. 

 АКШ  менен Британия мындан бир жылдай мурда биргелешкен билдирүү жасап, "MuddyWater" деп аталган бул топтун Ирандын чалгындоо кызматына таандык экендиги, Азия, Африка жана Түндүк Америкада кибер чабуулдарды жасагандыгы тууралуу айтылгандыгы эске салынды.

Билдирүүдө : "Жыл сайын Рамазан айынын келиши менен бул топ Израилдеги бир нече электрондук системаларга чабуул жасайт", — деп айтылды.

Иран жетекчилери Израилдин айыптоосу тууралуу эч кандай билдирүү жасай элек. 

Израилдин телерадиоберүү корпорациясы 11-февралда жасаган билдирүүдө  Израилдеги эң чоң институттардын бири болгон Technion прикладдык инженерия институтунун чоң масштабдагы кибер чабуулга дуушар болгонун жарыялап ; ушул себептен мугалимдер жана студенттерден компьютерлерин розеткадан чыгаруулары керектигин билдирген.

Эксперттер чабуулдун олуттуу зыян алып келгенин жана хакерлердин кирген файлдар үчүн кун талап кылганын белгилешкен.

 



Тектеш кабарлар