Израиль армиясы аскердик күзөт мунарасын аткылады
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Израиль армиясына таандык унаалар Газанын түштүгүндөгү Хан Юнис шаарынын чыгыш тарабындагы Палестина участокторуна кирди.
Израиль армиясы блокададагы Газа тилкесинин түштүгүндөгү аскердик күзөт мунарасын аткылады.
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Израиль армиясына таандык унаалар Газанын түштүгүндөгү Хан Юнис шаарынын чыгыш тарабындагы Палестина участокторуна кирди.
Армия күчтөрү Газадагы Ички иштер министрлигине караштуу талаа күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү аскердик күзөт мунарасын артиллериялык снаряддар менен аткылашты.
Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Газа тилкесиндеги коопсуздук аймагында аскердик иш алы барган Израиль күчтөрүнө жакын жерде жарылуучу заттын жарылгандыгы билдирилди.
Билдирүүдө эч кандай адам өлүмүнө жана жараланууга себеп болбогон окуядан кийин армиянын танктары Хамаска таандык бир жерди бомбалагандыгы маалымдалды.
Бул тууралуу Палестина тарабынан азырынча маалымат бериле элек.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.