Батыш Шериада жалпы иш таштоо
Израиль күчтөрүнүн оккупациясындагы Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женин качкындар лагеринде жүргүзгөн рейдге нааразычылык билдирген Батыш Шериадагы палестиналыктар иш ташташты.
Израиль күчтөрүнүн оккупациясындагы Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женин качкындар лагеринде жүргүзгөн рейдге нааразычылык билдирген Батыш Шериадагы палестиналыктар иш ташташты.
ФАТХ кыймылынын төңкөрүшчүл кеңешинин мүчөсү Тейсир Насралла палестиналыктардын Израилдин кылмыштарына нааразылыгын билдирүү үчүн Батыш Шерианын бардык шаарларында жалпы иш таштоо жарыялаганын билдирди.
Палестиналыктарды өлтүргөн, үйлөрүн талкалаган Израилге каршы каршылык көрсөтүүнүн дагы активдүү болушу керектигин белгилеген Насралла : «Жениндеги рейд бардык сызыктарды ашты, Израиль Палестина калкына каршы согушун бардык жерде улантууда»,-деди.
Иш кана ээлери дүкөндөрүн жапкан, банктар кызмат көрсөтпөгөн Батыш Шериада иш таштоодон улам көчөлөрдө тынчтык өкүм сүрүүдө.
Израиль армиясы кечээ Женин качкындар лагеринде жүргүзгөн рейдде 6 палестиналыкты өлтүрүп, 26 кишини жаралаган. Палестиналык топтор рейдге каршылык көрсөтүү үчүн Батыш Шериада жалпы иш таштоого чакырышкан.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.