АКШ Дамаскта болгон кыргындын жооптуусуна санкция салуу чечимин чыгарды

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бул тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Сириядагы жарандык согуштун 12 - жылына киргендигин, бул мезгилде көптөгөн согуштук жана адамзатка каршы кылмыштардын жасалганын эске салды.

1956121
АКШ Дамаскта болгон кыргындын жооптуусуна санкция салуу чечимин чыгарды

АКШ 2013 - жылы Сириянын борбор шаары Дамаскта колдору жана көздөрү байланган 41 жарандын кайра кайра атылып бир чуңкурга ыргытылышынан жооптуу Башар Асад режиминин аскердик чалгындоо боюнча офицери Эмжед Юсуфка карата 10 жылдан кийин санкция салуу чечими чыгарылды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бул тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Сириядагы жарандык согуштун 12 - жылына киргендигин, бул мезгилде көптөгөн согуштук жана адамзатка каршы кылмыштардын жасалганын эске салып : «Бул мыкаачылыктардын бири 2013 - жылдын 16-апрелинде Дамасктын Тадамон районунда Асад режиминин аскердик чалгындоо кызматкери Эмжед Юсуф кеминде 41 куралсыз жаранды өлтүргөн кыргын болду. Системалуу түрдө жасалган бул кылмыштардын видео далилдери көз карандысыз изилдөөчүлөр тарабынан узун жана кенен териштирүүлөрдөн кийин 2022 - жылы биринчи жолу коомчулук менен бөлүшүлдү. Бүгүн биз бул мыкаачылык үчүн жоопко тартуу үчүн аракетке өтүп жатабыз»,- деди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Сириянын Аскердик чалгындоо уюмунун офицери Эмжед Юсуф жана анын жубайы Аннан Вафус менен жакын үй-бүлө мүчөлөрүнүн АКШга кирүүсүнө тыюу салынганын билдирди.

«Тадамон» курмандыктарын эскергендерин белгилеген Блинкен бул кыргындын сүрөттөрүнүн саясий чечүүчү жол үчүн алдыга жылуу болбостон өлкөлөрдүн Асад режими менен карым – катнаштарын калыбына келтирбөө керектигине байланыштуу маанилүү бир эскертүү болушу керектигин белгиледи.

Блинкен Асад режиминин адам укуктарын бузуусуна каршы бардык эл аралык аракеттерди колдоону уланта тургандарын баса белгилеп : «Сириялыктарга каршы жасалган кылмыштар, эреже бузуулар үчүн адилеттиктин түзүлүшү жана Асад режиминин эсеп бериши Сирияда жана аймакта туруктуу, адилеттүү тынчтык үчүн шарт»,- деди.



Тектеш кабарлар