Остин: «Бахмут шаары куласа да, Орусия-Украина согушунун жүрүшү өзгөрбөйт»

Жакынкы Чыгыш сапарынын алкагында Иорданияга барган Остин журналисттерге Бахмуттун стратегиялык эмес символдук мааниге ээ экенин айтты.

1955679
Остин: «Бахмут шаары куласа да, Орусия-Украина согушунун жүрүшү өзгөрбөйт»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) коргоо министри Ллойд Остин Украинанын чыгышындагы Бахмут шаары куласа да, Орусия-Украина согушунун жүрүшү өзгөрбөй турганын билдирди.

Жакынкы Чыгыш сапарынын алкагында Иорданияга барган Остин журналисттерге Бахмуттун стратегиялык эмес символдук мааниге ээ экенин айтты.

Бахмуттун кулап же качан кулай турганын алдын ала айта албагандарын билдирген Остин: «Бахмуттун кулашы орустардын бул согуштун жүрүшүн өзгөртөт дегенди билдирбейт»,-деп айтты.

Остин Иордания, Египет жана Израилди камтыган Жакынкы Чыгыш турнесинин алкагында кечээ кечинде Амманга барды. Остин Амманда Иорданиянын королу Абдулла II менен жолугушту.

Америкалык расмий өкүлдөр Остин Вашингтондун аймактагы маанилүү өнөктөштөрүн Иран коркунучуна каршы колдоо үчүн Жакынкы Чыгышка сапарда экенин жарыялашты.

Украинанын Башкы штабы 1-мартта орус армиясынын Бахмут багытында илгерилешин улантып жатканын жана Бахмут шаарына кол салуулар уланганын билдирди.



Тектеш кабарлар