Израилдиктер кайрадан көчөгө чыгышты

Нетаньяху жетектеген ашынган оңчул коалициялык өкмөттүн сот тартибине каршы ар ишемби күнү кечинде өлкө боюнча демонстрацияларды өткөргөн израилдиктер нааразылык акцияларынын тогузунчу жумасында кайрадан көчөгө чыкты.

1955012
Израилдиктер кайрадан көчөгө чыгышты

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун  мыйзам долбоорлоруна жана сот бийлигинин ыйгарым укуктарына чектөө киргизген оңчул саясатка каршы чыккан он миңдеген адамдар,демонстрациялардын тогузунчу жумасында көчөгө чыгышты.

Нетаньяху жетектеген ашынган оңчул коалициялык өкмөттүн сот тартибине каршы ар ишемби күнү кечинде өлкө боюнча демонстрацияларды өткөргөн израилдиктер нааразылык акцияларынын тогузунчу жумасында кайрадан көчөгө чыкты.

Өзгөчө Тель-Авив, Хайфа, Батыш Кудс, Бируссеби жана Нетанья сыяктуу ири шаарлар баш болгон өлкөнүн ар тарабында ондогон жерде өткөрүлгөн демонстрацияларга он миңдеген израилдик катышты.

Мурдагы жумалардагыдай эле он миңдеген демонстранттар эң көп катышуу болгон Тель-Авивдеги Каплан көчөсүндөгү Өкмөттүк комплекстин алдына чогулушту.

Израилдин ар кандай өкмөттүк эмес уюмдарынын жана түрдүү секторлорунун өкүлдөрү, аянтка орнотулган сахнада демократияны жактап сөз сүйлөштү.

Нетаньяху жетектеген коалициялык өкмөттүн сот бийлигинин айрым ыйгарым укуктарын парламентке өткөрүп берүү кадамдары өкмөт менен Израилдин сот бийлигинин, өзгөчө Жогорку Соттун ортосунда чыңалууга себеп болду.



Тектеш кабарлар