Бириккен Араб Эмирликтеринде «Чөлдүн желеги 2023» аба машыгуусу башталды

Бириккен Араб Эмирликтеринин Коргоо министрлиги жана Сауд Арабиянын Коргоо министрлиги Твиттерден маалымат бөлүшүштү.

1954940
Бириккен Араб Эмирликтеринде «Чөлдүн желеги 2023» аба машыгуусу башталды
col bayragi tatbikati.jpg

 

Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) Сауд Арабия менен Азия жана Европа өлкөлөрүнүн катышуусунда «Чөлдүн желеги 2023» аба машыгуусу башталды.

Сауд Арабиянын Коргоо министрлигинин Твиттер барагында Сауд Арабия аба күчтөрүнүн жана дос өлкөлөрдүн катышуусунда БАЭдеги Зуфра аба базасында машыгуу башталганы жарыяланды.

Бириккен Араб Эмирликтеринин Коргоо министрлиги Твиттерде машыгуунун максаты согушка даярдыгын жогорулатуу жана катышуучу өлкөлөрдүн күчтөрүнүн ортосунда аскердик тажрыйба алмашуу экенин билдирди.

БАЭ, Сауд Арабия, АКШ, Испания, Индия жана Франциянын күчтөрү катышкан машыгуунун 17-мартка чейин улана турганы билдирилди.



Тектеш кабарлар