Бангладештеги качкындар лагеринде өрт чыкты
Жергиликтүү полиция кызматкери өрттүн себеби азырынча аныктала электигин билдирди.
1955082
Бангладеште рохинжа качкындары жаткан лагерде чыккан өрттөн көп сандаган үй өрттөндү.
Өрт бир миллиондон ашык рохинжа качкындары жашаган чек ара аймагындагы Кокс-Базардагы 11- лагерде чыккан.
Полиция инспектору Рафикул Ислам азырынча келтирилген зыяндын көлөмүн эсептей албастыгын, адам өмүрүнө зыян келтирилбегенин жана өрттүн көзөмөлгө алынганын билдирди.
Жергиликтүү полиция кызматкери өрттүн себеби азырынча аныктала электигин билдирди.
Буга чейин да Бангладештин түштүк-чыгышындагы Кокс-Базардагы качкындар лагерлеринде өрт чыккан.