АКШда поезд кырсыкка учурады
Огайо штатында жүк ташуучу поезд рельстен чыгып кетти.
1954926
Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) дагы бир жолу поезд кырсыгы катталды.
Огайо штатында жүк ташуучу поезд рельстен чыгып кетти.
Өткөн айда Огайо штатында дагы бир поезд кырсыгы катталып, химиялык заттарды ташыган поезд рельстен чыгып, жарылып кеткен болчу.
Спрингфилд шаарында жүк ташуучу поезддин 20 вагону рельстен чыгып кетти.
Кырсыктан эч ким жабыркабаганы, кооптуу заттардын агып чыгышы болбогону маалымдалды.
Огайо штатында 3-февралда химиялык заттарды ташыган 150 вагондук поезддин 50 вагону рельстен чыгып кетип, андан кийин жарылуу болгон.
Кырсыктан кийин айлана-чөйрөгө көп сандагы уулуу химикаттар тараган.
Тектеш кабарлар
Норвегия Мустафага Палестинаны таанууга байланыштуу документтерди тапшырды
Эспен Барт Эйде Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Мустафа менен жолугушту.