Бурунди Конго Демократиялык Республикасына аскер жиберет

Өткөн айда Чыгыш Африка лидери белгилеген күн боюнча  23 -  Март кыймылы менен бирге бардык куралдуу топтордун 30 -  мартка чейин чегиниши керек.

1954820
Бурунди Конго Демократиялык Республикасына аскер жиберет

Бурунди куралдуу топторго каршы күрөштү колдоо үчүн Конго Демократиялык Республикасына  аскерлерин жөнөтөт.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, Бурунди армиясынан аты-жөнүнүн жарыялануусун каалабаган бир жетекчи, 100 аскерден турганын ротанын эртең Конго Демократиялык Республикасынын Гома шаарына бара турганын билдирди.

Жетекчи  Конго Демократиялык Республикасынын Түндүк Киву штатында 23 - Март кыймылынын козголоңчулары басып алган Китшанга, Килорирве жана Сакеге 100 аскерин жайгаштырарын белгиледи. 

Чыгыш Африка коомчулугу жума күнү Бурунди бөлүктөрүнүн ишемби күнү жайгаштырыларын билдирген бирок  Конго Демократиялык Республикасына бара турган аскерлердин саны тууралуу кенен маалымат берген эмес. 

Өткөн айда Чыгыш Африка лидери белгилеген күн боюнча  23 -  Март кыймылы менен бирге бардык куралдуу топтордун 30 -  мартка чейин чегиниши керек.

Чыгыш Африка коомчулугу 23 -  Марттын алдыгы жылышынан кийин Гома жана айланасында тынчтык күчү аскерлерин жайгаштырган. 

Конго Демократиялык Республикасынын Руанда, Уганда жана Бурунди менен чектеш болгон чыгышында 20 жылдан бери алтын жана кобальт кендердин көзөмөлүн колго алууга аракет кылган куралдуу топтордун кол салуусу жана кагылышуулары болууда. 

 

 

 


 



Тектеш кабарлар