Бразилиянын мамлекет башчысы Зеленский менен сүйлөштү

Лула да Силва 31 -  январда берген маалыматында да Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык келишимине ортомчулук кыла турган "өлкөлөр группасын" түзүүнү сунуш кылган.

1954721
Бразилиянын мамлекет башчысы Зеленский менен сүйлөштү

Бразилиянын мамлекет башчысы  Луис Инасиу Лула да Силва Украинанын президенти Владимир Зеленский менен видеоконференция аркылуу сүйлөштү.

Лула да Силва Твиттерден   сүйлөшүүгө байланыштуу маалымат берип, тынчтык үчүн аракет кыла тургандарын белгилеп: «Украина менен Россиянын ортосундагы согуш эч кимге пайда алып келбейт. Бразилия тынчтыкка карата ар кандай аракеткеттерге катышат жана муну  президент Зеленскийге да айттым. Дагы көп өлүм  - житим болбостон, диалог саясатынын түзүлөрүнө ишенем",- деди. 

Зленскийге эки өлкөнүн ортосунда уланып жаткан согуштун акырына чыгышы үчүн демилгени колго алууга даяр экендерин айткан Лула да Силва эл аралык коомчулуктун тынчтык жолу менен чечилиши үчүн аракет кылышы керектигин белгиледи.

Лула да Силва 31 -  январда берген маалыматында да Россия менен Украинанын ортосунда тынчтык келишимине ортомчулук кыла турган "өлкөлөр группасын" түзүүнү сунуш кылган. 

 



Тектеш кабарлар