Польша Түштүк Кореядан сатып алган К2 танктарын өндүрөт

Польшанын коргоо министри Мариуш Блашчак Түштүк Кореядан алынган К2 Кара Пантера танктарын чыгара тургандарын жана бул алкакта жаңы жумуш орундарынын түзүлө турганын айтты.

1954477

Познандагы аскердик унаа заводуна барган Блашчак Түштүк Кореядан сатып алынган К2 Кара Пантера танктарынын заводдо карала  тургандыгын айтып : "Бул танктарды оңдоо жана өндүрүү дагы ушул жерде жүргүзүлөт. Познань жана Вилькопольска шаарларында жаңы жумуш орундары түзүлөт",- деди.

Блашчак : "Бул танктардын 180и биринчи этапта түздөн - түз Түштүк Кореядан алып келинет. Кийинкилери биргелешкен өндүрүш болуп, Познанда чыгарылат",- деди.

Познань шаарында 1945 - жылы курулган аскердик унаа заводу оор чынжырлуу аскердик унааларды өндүрүү, модернизациялоо, оңдоо жана коргоо боюнча жооптуу ошол эле учурда  Польша колдонгон, Германияда жасалган Leopard 2 танктарынын жооптуу борбору катары да белгилүү.

Польша Россиянын Украинага кол салышы менен күч алган кайра куралдануу программасынын алкагында Түштүк Кореядан 1000 К2 сатып алууну пландап жатат.

Тектеш кабарлар