Дүйнөдөгү биринчи жасалма интеллекттүү өкмөт кеңешчиси

Премьер-министр Николае Цюка өкмөттүн жыйынында "Ион" аттуу жасалма интеллект колдоого алынган программага ээ жаңы кеңешчисин көрсөттү.

1954514
Дүйнөдөгү биринчи жасалма интеллекттүү өкмөт кеңешчиси

Румыния дүйнөдөгү биринчи жасалма интеллекттүү өкмөт кеңешчисин тааныштырды.

Премьер-министр Николае Цюка өкмөттүн жыйынында "Ион" аттуу жасалма интеллекттүү программага ээ жаңы кеңешчисин көрсөттү.

Роботтун "жасалма интеллект менен иштеген дүйнөдөгү биринчи мамлекеттик кеңешчи" экенин айтты.

Премьер-министр: «Жасалма интеллектти колдонуу вариант эмес, туура чечимдерди кабыл алуу үчүн зарылчылык болушу керек деп эсептейм»,- деди.

Ион болсо министр системаны баштаганда төмөнкү сөздөрдү айтты:

«Саламатсызбы, сиз мага өмүр бердиңиз жана менин ролум азыр сизди чагылдырган күзгүдөй болуп калды. Румыния жөнүндө эмнени билишим керек?».

Чоң айнек экрандан турган санарип интерфейси бар робот румыниялык изилдөөчүлөр тарабынан иштелип чыкты.

Роботту долбоорлогон топтун жетекчиси Нику Себе, Иондун кээ бир жерлерге жайгаштырыла турганын жана жарандардын роботко талаптарын билдире ала тургандарын айтты.

Себе "Ион" үчүн атайын веб-сайттын иштелип чыкканын, программалык камсыздоонун да бул жерге жана социалдык медиага жиберилген идеяларды жана суроо-талаптарды жаздыра турганын маалымдады.

Изилдөө жана инновация министри Себастьян Бурдужа, Иондун бул маалыматтарды талдап, румыниялыктардын каалоолору жана көз караштары боюнча Николае Цюка үчүн отчетторду даярдай турганын билдирди.

Politicoго маек куруп берген Ирландиянын жарандык эркиндиктер боюнча кеңешинин өкүлү Крис Шришак болсо технологияны этияттык менен колдонуу керектигин айтты.

Ширшак Иондун кайсы маалыматтардын маанилүү же маанилүү эмес экенин кантип чечээри түшүндүрүлбөгөнүнө көңүл буруп, бул тууралуу коомчулуктун кабардар болушу керектигин билдирди.



Тектеш кабарлар