Владимир Зеленский : "Россия Запорожьедеги имаратты аткылады"

Зеленский соцтармактагы баракчасынан билдирүү жасап, Россиянын Запорожьеге чабуул жасаганын айтты.

1953807
Владимир Зеленский : "Россия Запорожьедеги имаратты аткылады"

Орус күчтөрүнүн Украинанын Запорожье шаарына ракеталык кол салуусунун натыйжасында 4 киши каза болуп, 8 киши жараланды.

Украина Башкы прокуратурасынын Телеграм эсебинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта орус армиясынын түнкү саат 01:30 чамасында Запорожьедеги 5 кабаттуу имаратка  С-300 ракеталары менен кол салганы белгиленди.

Орус күчтөрүнүн Украинадагы жарандык калктуу конуштарга чабуул жасаган деп айыпталган билдирүүдө булар айтылды : "Алдын ала маалымат боюнча, кол салуудан 4 адам каза болуп, 8 адам жаракат алды. Беш адам дайынсыз жоголду, алардын ичинен бирөөсү  бала".

Запорожьеде түн ичинде болгон күчтүү жарылуудан улам жарым - жартылай кулаган 5 кабаттуу имараттын урандыларында издөө - куткаруу иштери уланууда.

Ошол эле учурда Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын түнкү сааттарда  Запорожье  шаарындагы бир имаратты аткандыгын, каза болгон жана жаракат алгандардын бар экендигин билдирди.

Зеленский соцтармактагы баракчасынан билдирүү жасап, Россиянын Запорожьеге чабуул жасаганын айтты.

«Запорожье. Баскынчылар түн ичинде шаардын борборун аткылады. Имаратка келип түштү»,- деген Зеленский имараттын 3 -  4 - 5 – кабаттарынын кыйрагандыгын  айтты.

Каза болгон жана жарадарлардын  бар экендигин, издөө  - куткаруу иштеринин жүргүзүлүп жатканнын белгилеген Зеленский : «Террордук мамлекет адамдарыбыздын ар  бир күнүн террор күнүнө айландырууну каалап  жатат. Бирок жамандык биздин жерибизде  өкүм сүрбөйт. Баскынчылардын баарын  жерибизден чыгарабыз жана бардык нерседен жооптуу болушат»,- деди.



Тектеш кабарлар