Германияда качкындардын жатаканаларына кол салуулар көбөйдү

2021-жылы качкындар жашаган жатаканаларга карай 70 кол салуу катталып, бул кол салуулардын 2022-жылы өткөн жылга салыштырмалуу 73 пайызга өскөнүнө көңүл бурулду.

1953974
Германияда качкындардын жатаканаларына кол салуулар көбөйдү

Германияда өткөн жылы качкындардын жатаканаларына кол салуулардын олуттуу түрдө өскөндүгү билдирилди.

Neue Osnabrücker Zeitung гезитинин Германиянын Ички иштер министрлигинин Солчул партиянын суроо баракчасына берген жообуна таянып жазган кабарына караганда, 2022-жылы баш калкалоочулардын жатаканаларына 121 кол салуу жасалган.

Кабарда 2021-жылы качкындар жашаган жатаканаларга карай 70 кол салуу катталып, бул кол салуулардын 2022-жылы өткөн жылга салыштырмалуу 73 пайызга өскөнүнө көңүл бурулду.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылы жатаканалардан тышкары баш калкалоочу же качкындарга каршы да 1248 кол салуу жасалган. Бул сан кеминде үч баш калкалоочу же качкындын дээрлик күн сайын кол салуулардын курмандыгы болуп жатканын көрсөттү.

2021-жылы 1259 качкындын баш калкалоочу жайлардын сыртында кол салууга дуушар болгону кабарланган.

2022-жылдын 24-февралында башталган Орусия-Украина согушунан улам өткөн жылы 1 миллиондон ашуун украин качкынынын Германияга барганы жана болжол менен 218 миңинин башпаанек сураганы жарыяланган.



Тектеш кабарлар