Седат Өнал БУУнун Коопсуздук кеңешинин сессиясында сөз сүйлөдү

Элчи Өнал "Жилвегөзү" чек ара капкасына баруучу жолдорду оңдоо иштери аяктаганын билдирди.

1953147
Седат Өнал БУУнун Коопсуздук кеңешинин сессиясында сөз сүйлөдү

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү элчи Седат Өнал, Түркиянын жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн аракет кылып жатып, Сирия калкына гуманитардык жардам жеткирүүнү жеңилдетүү үчүн күрөшкөнүн белгиледи.

Седат Өнал БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сирия сессиясында сөз сүйлөдү.

Өнал Түркиянын жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн аракет кылып жатып, Сирия калкына гуманитардык жардам жеткирүүнү жеңилдетүү үчүн күрөшкөнүн айтты.

Элчи Өнал жер титирөөнүн айынан бузулган "Жилвегөзү" чек ара капкасына баруучу жолдорду оңдоо иштери аяктаганын билдирди.

БУУнун жардамдарынын тез жеткирилиши үчүн "Өнжүпынар" жана "Чобанбей" чек ара бекеттеринин да пайдаланууга берилгенин айтты.

Качкындардын өлкөлөрүнө кайтуусунун маанисине көңүл бурган Өнал, кайра кайтууларды жеңилдетүү үчүн кадамдардын ташталышы керектигин жана мунун Сирия кризисине чечүүчү жол табуунун бир бөлүгү экенин билдирди. 



Тектеш кабарлар