Путин келишимди токтоткон мыйзамга кол койду

Путин кол койгон мыйзамга ылайык, Орусия менен АКШнын ортосундагы жаңы START келишими убактылуу токтотулду.

1953022
Путин келишимди токтоткон мыйзамга кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин, өлкөсүнүн АКШ менен континенттер аралык ядролук баллистикалык ракета мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө багытталган Жаңы стратегиялык куралдарды кыскартуу келишимине (START) кошулуусун токтотуу боюнча мыйзамга кол койду.

Орусиянын мамлекеттик маалымат системасында жарыяланган Путин кол койгон мыйзамга ылайык, Орусия менен АКШнын ортосундагы жаңы START келишими убактылуу токтотулду.

Мыйзам боюнча өлкөнүн келишимге кайра кошулуусу боюнча чечимди Орусиянын президенти кабыл алат.

Владимир Путин 21-февралда Федералдык парламентте сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын АКШ менен болгон Жаңы START келишимине кошулуусун токтоткондорун билдирген.

Орусия парламентинин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Дума да 22-февралда бул келишимди токтотуу боюнча мыйзамды кабыл алган.

АКШ Советтер Союзу менен 1991-жылы, Орусия Федерациясы менен 1993-жылы кол койгон Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишимдеринин (START 1 жана START 2) уландысы болгон Жаңы START Келишими Вашингтон менен Москванын ортосунда күчүндө турган акыркы өзөктүк келишим болуп саналат.

Келишим узак аралыкка атуучу өзөктүк дүрмөттөр менен ракеталарга чектөөлөрдү киргизет.

2011-жылдын 5-февралында күчүнө кирген 10 жылдык келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын 5-февралында аяктаган.

Орусиянын президенти Путин келишимди 5 жылга узартуу чечимине 2021-жылдын 29-январында кол койгон.

АКШ жетекчилиги да келишимди узартуу чечимин 2021-жылдын 5-февралында жарыялаган.



Тектеш кабарлар