Еврей отурукташуучулар Батыш Шериада оорулууну ташыган тез жардам унаасына кол салды

Оккупациядагы Батыш Шериада еврей отурукташуучулардын кол салуусу менен 3 палестиналык жаракат алды.

1953261
Еврей отурукташуучулар Батыш Шериада оорулууну ташыган тез жардам унаасына кол салды

Оккупациядагы Батыш Шериада еврей отурукташуучулардын кол салуусу менен 3 палестиналык жаракат алды.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматка ылайык, Батыш Шерианын Женин шаарында еврей отурукташуучулар 12 жаштагы оорулуу кызды ташыган тез жардам унаасына кол салды.

Отурукташуучулардын Женин мамлекеттик ооруканасынан Рамалладагы H-Clinc ооруканасынын реанимация  бөлүмүнө жиберилген кыз баланы ташыган тез жардам унаасына кол салуусунда айнектердин сынуусу менен кызын коштогон апасы жеңил жараланды.

Окуядан улам 3 саат кечигүү менен Рамаллага барган тез жардам унаасындагы палестиналык кыз бул жерде дарылануу үчүн реанимацияга алынды.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министри Мей Кейл тез жардам унаасына жасалган кол салууну айыптап, бардык эл аралык мекемелерди палестиналыктарды жана медицина кызматкерлерин коргоо үчүн тез арада чара көрүүгө чакырды.

Жарандарга, тез жардам унааларына жана гуманитардык милдеттерин аткарып жаткан медицина кызматкерлерине карата зомбулукту токтотуу үчүн олуттуу жана чукул кадамдардын ташталышы керектигин баса белгилеген Саламаттыкты сактоо министри Израил күчтөрү жана отурукташуучулардын мындай кол салууларды күн сайын жасап жаткандыгын белгиледи.

Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAдагы кабарда Батыш Шериадагы Наблуста еврей отурукташуучулардын палестиналыктардын унаасына таш жана бөтөлкөлөр менен кол салуусунда 2 кишинин жараланганы маалымдалды.

Отурукташуучулардын өзгөчө аймактагы зайтун аянттарына да кол салгандыгы билдирилген маалыматта бул жердеги 50гө жакын зайтун дарагынын зыянга учурагандыгы  белгиленди.



Тектеш кабарлар