Гутерриш Багдадга барды

Антонио Гутерриш Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейн менен жолугушту.

1953258
Гутерриш Багдадга барды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Ирак өкмөтүнүн чет өлкөлөрдөгү ирактык мигранттарды кайтаруу аракетин жогору баалагандарын билдирди.

Антонио Гутерриш расмий сапарларынын алкагында барган борбор шаар Багдадда Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейн менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин Гутерриш менен Хусейн биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Фуад Хусейн Гуттериштин Иракка сапарына канааттангандыгын билдирип: "Биздин БУУ менен мамилебиз бекем. БУУнун баш катчысы менен аймактык жана эл аралык маселелерди, ошондой эле ички көйгөйлөрдү талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз",- деди.

БУУнун Башкы катчысы да:  "Мен Иракка барганыма кубанычтамын. Биз ирактыктардын саясий жана коопсуздук маселелерин жеңип чыгаарына да ишенебиз",-деп айтты.

Гуттериш Ирак өкмөтүнүн чет өлкөдөгү ирактык мигранттарды кайтаруу аракетин жогору баалашкандарын белгиледи.


Этикеткалар: #Ирак өкмөтүнүн

Тектеш кабарлар