Дания парламенти Улуу дуа күнүн расмий эс алуу күнүнөн чыгарылышын бекитти

Парламентте оппозициянын, профсоюздардын жана диний кызматкерлердин катуу сындоолоруна карабастан мыйзам долбоору 68 добушка каршы 95 добуш менен кабыл алынды.

1953023
Дания парламенти Улуу дуа күнүн расмий эс алуу күнүнөн чыгарылышын бекитти

Данияда парламент үнөмдөө максатында  диний майрам -  Улуу дуа күнүн расмий эс алуу күнүнөн чыгарылышын бекитти.

179 орундуу Дания парламентинде депутаттар үнөмдөө үчүн жана коргонууга дагы көп көңүл буруу үүн Store Bededag деп билинген Пасха майрамынан кийин 4 -  жума күнү белгиленген Улуу дуа күнүн расмий эс алуудан чыгарууну күткөн мыйзам долбоорун бекитти. 

Парламентте оппозициянын, профсоюздардын жана диний кызматкерлердин катуу сындоолоруна карабастан мыйзам долбоору 68 добушка каршы 95 добуш менен кабыл алынды. 

Майрамдын жоюлушу менен жетишиле турган үнөмдөө жылына болжол менен 426 миллион долларды түзөрү болжолдолууда.

Оппозициялык депутаттар мыйзам долбоорун “акылсыздык”, “жиндилик” жана “толугу менен жаңылыш” деп мүнөздөп бирок бул тууралуу  референдум өткөрүү боюнча келише алышкан жок.

Көп сандаган депутат майрамдын жоюлушунун жумуш берүүчүлөр жана профсоюздардын арасында айлык акы менен эмгек шарттары менен тийиштүү сүйлөшүүлөрдү татаалдаштырат деген тынчсызданууларын билдиришти. 

 



Тектеш кабарлар