Орусиянын ар кайсы аймактарына учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен чабуул...

Орусиянын Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө Украинанын түн ичинде учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен Краснодар аймагындагы жана Адыгея Республикасындагы жарандык инфраструктураларга кол салууга аракет кылганы белгиленди.

1952896
Орусиянын ар кайсы аймактарына учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен чабуул...

Украина Орусиянын ар кайсы аймактарында, анын ичинде борбор шаар Москванын жанындагы бир жерге учкучсуз учуучу аппараттар (УУА) менен кол салганы кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө Украинанын түн ичинде учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен Краснодар аймагындагы жана Адыгея Республикасындагы жарандык инфраструктураларга кол салууга аракет кылганы белгиленди.

Кол салуунун Орусиянын куралдуу күчтөрүнө таандык электрондук согуш бөлүктөрү тарабынан бастырылганы белгиленген билдирүүдө: «Экөө тең башкарууну жоготуп, учуу жолунан тайып кетти. Бир УУA талаага кулап түштү, ал эми багытынан тайган экинчи УУA бара жаткан жарандык инфраструктурага зыян келтире алган жок»,деген маалымат бөлүшүлдү.

Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев социалдык тармактагы баракчасына билдирүүсүндө, Коломна шаарына жакын жерде учкучсуз учуучу аппарат кулап түшкөнүн белгилеп: «Бул Губастово айылына жакын жерде болду. Бута жарандык инфраструктура болсо керек, ал зыянга учураган жок. Жабыркагандар жана кыйроолор жок»,-деди.

Бул жагдай боюнча Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) жана башка ыйгарым укуктуу органдар алектенип жатышканын айткан Воробьев шаар тургундарынын коопсуздугуна таасир этүүчү жагдай жок экенин белгиледи.

Белгород шаарынын мэри Валентин Демидов да түн ичинде шаардагы көп кабаттуу бир үйгө учкучсуз учуучу аппарат урунганын жана тургундар коопсуз жайга жеткирилгенин билдирди.



Тектеш кабарлар