Лавров менен Байрамовдун жолугушуусу

Лавров менен Байрамов биргелешкен маалымат жыйынында билдирүү жасашты.

1952828
Лавров менен Байрамовдун жолугушуусу

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Евробиримдиктин (ЕБ) Армения-Азербайжан чек арасындагы армян тарабында жайгашкан миссиясынын мыйзамдуулук жагынан олуттуу шектенүүлөрдү жаратканын айтты.

Лавров расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Азербайжанда, тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушту.

Жекеме-жеке жана делегациялардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Лавров менен Байрамов биргелешкен маалымат жыйынында билдирүү жасашты.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чек аралардын аныкталышы жана тынчтык келишиминин даярдалышында жардам берүүгө даяр экендиктерин баса белгилеген Лавров Түркия, Иран жана Грузия да катыша турган 3+3 форматынын аймактын келечеги үчүн маанилүү экенин айтты.

Евробиримдиктин Армения-Азербайжан чек арасынын армян тарабында жайгашкан миссиясы тууралуу Лавров: «Биз Евробиримдиктин Армения жана Азербайжан менен болгон мамилесин кантип кыянаттык менен пайдаланганын көрүп жатабыз. Евробиримдиктин Арменияда жайгашкан миссиясы мыйзамдуулук жагынан олуттуу шектенүүлөрдү жаратууда»,- деди.

Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов да: «Армения тынчтык келишими үчүн макулдашылгыс позицияны карманууда. Биз реалдуу жыйынтыктарга көңүл бурушубуз керек. Бирок азыр онлайн режиминде дипломатия жүргүзүп жаткандайбыз. Алар өз сунуштарын онлайн жөнөтүшүүдө. Бул мамиле жыйынтыкка багытталбайт. Армения мындан баш тартышы керек жана мүмкүн болушунча тезирээк сүйлөшүү үстөлүнө кайтышы зарыл»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар