Израиль Эрихага кирип - чыгууларда катуу чараларды көрүүдө

Израиль оккупациядагы Батыш Шерианын Эриха  шаарына кирип  - чыгуулар тууралуу аймактын Иорданияга ачылган Кераме чек ара капкасынан өтүүлөргө тоскоол болууда.

1952834

Палестина радиосунун кабарына караганда Израиль күчтөрү Эриха шаарынын кире беришине көзөмөлдөө пункттарын курду жана кирип  - чыгууларда катуу чараларды көрүүдө.

Эриха жана Ал  -  Агвар губернатору Эбу  ел  -  Асел радиого маалымат берип : «Эриханын 4 кире беришине баскынчы күчтөрү тарабынан курулган көзөмөлдөө пункттарынан улам шаардан чыгуу кыйындап жатат»,- деди.

Эбу Асел шаарды жапкан көзөмөлдөө пункттарынын эки тарабында жүздөгөн унаанын узун убакыт кезекте тургандыгын жана унаалардын кенен түрдө көзөмөлгө алынгандыгын айтты.

Радионун  кабарына караганда Израиль күчтөрү өзгөчө кечээтен бери Батыш Шериа менен Иорданиянын ортосундагы Кераме чек ара капкасынан өтүүлөр да тоскоолдукка учуроодо.

Кераме чек ара капкасы Иордания аркылуу батыш Шеридагы палестиналыктар тышка чыккан бир гана капка.

Тектеш кабарлар