Италияда мыйзамсыз мигранттарды ташыган кайык чөгүп кетти

Италиянын ANSA агенттигинин кабарына караганда, бүгүн эртең менен Кротоне шаарына караштуу Стеккато ди Кутро шаарчасынын жээгинде болгон окуяда болжол менен 250 мыйзамсыз мигрантты ташыган кайык, ортодон сынып, жээкке жакын жерде чөгүп кеткен.

1951657
Италияда мыйзамсыз мигранттарды ташыган кайык чөгүп кетти

Италиянын Кротоне шаарынын жанында мыйзамсыз мигранттарды ташыган кайыктын чөгүп кетишинен алгачкы маалыматтарга караганда 43 киши каза болду.

Италиянын ANSA агенттигинин кабарына караганда, бүгүн эртең менен Кротоне шаарына караштуу Стеккато ди Кутро шаарчасынын жээгинде болгон окуяда болжол менен 250 мыйзамсыз мигрантты ташыган кайык, ортодон сынып, жээкке жакын жерде чөгүп кеткен.

Окуяда алгачкы маалыматтарга караганда көбү балдар болгон 43 адам каза болуп, 80 киши куткарылган.

Куткарылган 80 мигранттын 20сынын да Кротоне шаарындагы ооруканага жаткырылганы белгиленди.

Италиянын басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, каза болгондордун саны 100дөн аша туганынан коооптонуп жатышат.

Мыйзамсыз миграцияга каршы көрүлгөн чаралар менен күн тартибине келген оңчул коалициялык өкмөттүн премьер-министри Гиоргия Мелони жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Мени адам аткезчилери тарабынан өмүрү жарым калтырылган көптөгөн адамдар абдан капа кылды. Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарында узундугу болгону 20 метр келген кайыкты 200дөн ашык адам менен сууга түшүрүү кылмыш болуп саналат»,-деди.

Маркумдардын үстүнөн спекуляция жасалбашы керектигин белгилеген Мелони: «Өкмөт мигранттардын кайыктарынын чыгуучу пункттарынан кетишине жол бербөөгө чечкиндүү, ошентип бул трагедиялардын алдын алуу жана келип чыккан мамлекеттерден эң жогорку деңгээлдеги кызматташтыкты талап кылуу менен мындан ары да аракет кылат»,-деп өз баасын берди.

Ички иштер министри Маттео Пиантедоси да болуп өткөндөрдүн чоң трагедия экенин жана мыйзамсыз мигрант кайыктарынын кыймылына жол бербөө үчүн ар кандай демилгелерди улантуулары зарыл экенин айтты.



Тектеш кабарлар