Михаил Подоляк Кытай сунуш кылган тынчтык планы “тынчтык планы эмес” экендигин белгиледи

Пекин чечүүчү жолго байланыштуу сунуш кылган жалпы принцип жана негиздерге орун берилген документте 12 берене орун алган.

1951283
Михаил Подоляк Кытай сунуш кылган тынчтык планы “тынчтык планы эмес” экендигин белгиледи

Украина президенттик кеңсесинин жетекчиси Михаил Подоляк Россия  - Украина согушу үчүн Кытай сунуш кылган тынчтык планы “тынчтык планы эмес” экендигин белгилеп : "Бул согуштун тоңдурулушу",- деди. 

Подоляк Кытайдын социалдык медиа аркылуу сунуштаган 12 пункттан турган тынчтык планына баа берип : "Ок атышууну токтотуу жана жаңы чек ара сызыгын күткөн кандайдыр бир тынчтык планы Украина жерлериндеги оккупацияны жана орус геноцидин улантат. Бул тынчтык эмес, согуштун тондурулушу. Украинанын жеңилиши, орус геноцидинин кийинки этаптары",- деди. 

Кытайдын тышкы иштер министрлиги  Россия  -  Украина согушунун бир жылдыгында "Украина кризисинин саясий чечүүчү жолу" үчүн сунуштарын камтыган “мамиле документин” чыгарып, ок атышууну токтотууга жана маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырган.

Пекин чечүүчү жолго байланыштуу сунуш кылган жалпы принцип жана негиздерге орун берилген документте 12 берене орун алган. 

 

 


 



Тектеш кабарлар