Израиль Газага абадан кол салды

Израиль армиясы блокада астындагы Газа тилкесинде айрым буталарга абадан кол салгандыгын билдирди.

1950520
Израиль Газага абадан кол салды

Израиль армиясы блокада астындагы Газа тилкесинде айрым буталарга абадан кол салгандыгын билдирди.

Израиль күчтөрүнүн оккупациядагы Батыш Шерианын Наблус шаарында кечээ жүргүзгөн тинтүүсүндө бирөөсү бала болгон 11 палестиналыкты өлтүрүшү, 100дөн ашуун кишини да жаралашы аймакта чыңалууну күчөттү.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Газа тилкесинен Изрилдин түштүгүнө 6 ракетанын атылгандыгы, булардан бешөөсүнүн абадан коргонуу системалары менен жардырылгандыгы, бир ракетанын ачык аянтка түшкөнү билдирилди. Газа тилкесинин айланасындагы Сдерот жана Ашкелон шаарларында кол салуу сиреналарынын угулгандыгы билдирилди.

Израиль армиясы экинчи билдирүүсүндө Газа тилкесинде араларында Палестинанын каршылык көрсөтүү уюму Хамаска таандык экендиги айтылган курал сактоочу жайлары да орун алган айрым буталардын таңга жуук Израиль аскердик учактары менен атылгандыгын жарыялады.

Билдирүүдө кол салуулардын түнкү сааттарда Израилге карай атылган ракеталарга жооп кайтаруу катары ишке ашырылгандыгы айтылды.

Блокада астындагы Газа тилкесинде каза болгондордун жана жаралуулардын болгондугу тууралуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар