Кытай: «АКШ Украина согушунун эң чоң курал булагы»

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ванг Винбин, борбор шаар Пекиндеги кезектеги маалымат жыйынында АКШнын президенти Жо Байдендин Киевге сапары учурунда Украинага 500 миллион долларлык кошумча аскердик жардам берилерин жарыялаганын эске салды.

1949863
Кытай: «АКШ Украина согушунун эң чоң курал булагы»

Кытай, аларды Орусияга Украинадагы согуш үчүн курал жана ок-дары менен камсыздай турганынын дооматын кылган Америка Кошмо Штаттарын (АКШ) «согуштун эң чоң курал булагы» деп билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ванг Винбин, борбор шаар Пекиндеги кезектеги маалымат жыйынында АКШнын президенти Жо Байдендин Киевге сапары учурунда Украинага 500 миллион долларлык кошумча аскердик жардам берилерин жарыялаганын эске салды.

Ванг Вашингтондун «тынчтыктын коргоочусу» эмес, «баш аламандык кылуучу» экендигине далилдер өтө көп деген оюн билдирип: «АКШ Украинадагы согушта эң чоң курал-жарактын булагы. Кытай курал-жарак берет деп жалган жалаа жапкандан кийин алардын максаты эмне экени таң калтырат. Бир жагынан дүйнөгө тынчтык алып келе тургандарын айтып жатканда экинчи жагынан коргоо өнөр жай ишканаларынын чөнтөгүн толтуруп жатканын көрүү алардын абийирине туура келеби?»-деди.

«Ар тараптуу стратегиялык координациялык өнөктөштүк» деп аныктаган Кытай-Орусия карым-катнаштарынын «шериктештик түзбөө», «фронт түзбөө» жана «үчүнчү тараптарды бутага албоо» принциптерине таянганын баса белгилеген Ванг: «Биз АКШ Орусия менен болгон мамилебиз үчүн бизди күнөөлөп, кысым көрсөтүп жатканын кабыл албайбыз»,-деди.

Америка Кошмо Штаттары эмне кылып жатканы жөнүндө ойлонуп, отко май куюдан жана кагылышуудан пайда табуу аракетинен баш тартышы керектигин билдирген Ванг: «Биз АКШ Ооганстанда «акыркы ооган калганга чейин согушту улантуу» стратегиясын ишке ашырып жатканын көрдүк, алар Украинада да «акыркы украиналык калганга чейин согушууну» каалайбы?»,-деп айтты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 19-февралда өз өлкөсүнүн Си-Би-Эс телеканалына берген маегинде америкалык чалгын кызматтары Кытай Украинадагы согушта Орусияны колдоо үчүн курал-жарак жана ок-дарыларды берүүнү караштырып жатканы тууралуу маалымат алганын ырастаган.

Кытай фирмаларынын Орусиянын коргонуу өнөр жайына «өлтүргүч эмес» колдоо көрсөтүп жатканын жактаган Блинкен, жаңы маалымат Пекиндин «өлтүрүүчү» курал жана ок-дарыларды да түздөн-түз бере аларын көрсөткөнүн айтты.

«Кытайдын Орусияга курал-жарак жеткирүүсү биздин мамилелерибизде олуттуу көйгөйлөрдү жаратат»,- деп айткан болчу ал.

Орус аскерлери былтыр 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар