Жо Байдендин Киев сапары
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан журналисттерге Байдендин Кив сапары тууралуу орустарга маалымат берилгендигин айтты.
Америка Кошмо Штаттарынын президент Жо Байден Украинанын борбор шаары Киевге баргандан мурда сапар тууралуу Россияга маалымат берилгендиги билдирилди.
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан онлайн жолугушууда журналисттердин суроолоруна жооп берип : "Биз орустарга президент Байдендин Киевге барышы мүмкүн экенин билдирдик. Муну "Күчтөрдү коопсуз ажыратуу" максатында Байден жолго чыккандан мурда жасадык", - деди.
Жейк Салливан Россиянын бул маалыматка карата жообу тууралуу кенен маалымат берген жок.
Ошол эле учурда Салливандын көпчүлүк учурда атомдук супер күчтөрдүн арасында кааланбаган кагылышууларды алдын алуу деген мааниге келген «Күчтөрдү коопсуз ажыратуу» деген сөздү колдонушу көңүлдөрдү бурду.
АКШнын президенти Жо Байден Польшага сапарынын алдында кечээ күтүүсүздөн Украинанын борбору Киевге барды.
Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусунан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында Украинага жаңы 500 миллион долларлык жаңы аскердик жардам пакетин билдирди.
Байден украин өкмөтүнө жарандадын негизги муктаждыктарын камсыз кылууга жардам берүү үчүн дароо колдоно ала турган миллиарддаган долларларды кыйыр бюджеттик колдоо менен камсыздай тургандарын айтты.