Владимир Путин парламентте элге кайрылуу жасады

«Согушту батыш баштады»,-  деген орус лидери батыш өлкөлөрүнүн Украинаны «орустарга каршы» багыттоо үчүн көптөн бери иштеп жатканын айтты.

1949429
Владимир Путин   парламентте элге кайрылуу жасады

Россиянын президенти Владимир Путин Украинага алыс аралыкка атуучу курал - жарак канчалык көп  ​​жөнөтүлсө, коркунучту чек арадан ошончолук алыстата тургандарын айтты.

Владимир Путин 24 - февралда башталган Россия - Украина согушунун бир жылдыгынан мурда Москвада орус парламентинде элге кайрылуу жасады.

Донбасстагы маселени тынчтык жолу менен чечүү үчүн колдорунан келгенди аткаргандарын белгилеген Путин бирок батыштын башка бир сценарий даярдагандыгын жана аймактагы коркунучтардын күч алгандыгын ортого салды.

«Согушту батыш баштады»,-  деген орус лидери батыш өлкөлөрүнүн Украинаны «орустарга каршы» багыттоо үчүн көптөн бери иштеп жатканын айтты.

Аскердик операциядан мурда Киевдин батыш менен курал - жарак сатып алуу боюнча сүйлөшкөнүн айткан Путин : «Украинадагы абал үчүн батыш элитасы жооптуу»,- деди.

Путин Украинанын азыркы администрациясы улуттук кызыкчылыкка эмес, үчүнчү өлкөлөрдүн кызыкчылыгына кызмат кылып жатканын айтып, батыштын да орус коомчулугун ичкериден дестабилдештирүүгө аракет кылгандыгын бирок ийгиликсиз болгондугун белгиледи.

Владимир Путин дүйнөдө эч бир өлкөнүн АКШчалык чек ара тышында аскердик базасынын жок экендигин да айтты.



Тектеш кабарлар