Нидерландия менен Орусиянын дипломатиялык кризиси...

Нидерландия өкмөтү, кээ бир орус дипломаттарынын чалгын кызматкери болгондугу себеби менен өлкөдөн чыгарыла турганын жана Нидерландиянын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдук жабыларын өкмөттүн интернет сайтынан жарыялады.

1948556
Нидерландия менен Орусиянын  дипломатиялык кризиси...

Нидерландия өкмөтү, кээ бир орус дипломаттарынын чалгын кызматкери болгондугу себеби менен өлкөдөн чыгарыла турганын жана Нидерландиянын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдук жабыларын билдирди.

Өкмөттүн интернет сайтындагы билдирүүдө, «Орусия чалгындоо кызматкерлерин дипломатиялык кызматкер катары көрсөтүп, Голландияга мыйзамсыз алып өтүү аракеттерин улантууда»,- деп айтылып, Нидерландиянын Москвадагы элчилиги жана Санкт-Петербургдагы башкы консулдугуна дайындалган дипломаттарга Орусиянын виза бербегени белгиленди.

Билдирүүдө Нидерландия тарабынан Орусияга дайындалган дипломатиялык кызматкерден көбүрөөк орус кызматкеринин Нидерландияга дайындала албай турганы билдирилип, кээ бир орус дипломаттардын Нидерландиядан кетиши керектиги баса белгиленди.

Билдирүүдө, депортация боло турган орус дипломаттарына өлкөдөн чыгууга 2 жума убакыт берилгени жана Орусиянын Амстердамдагы соода кеңсесинин 21-февралдан тарта жабыла турганы билдирилди.

Билдирүүдө, Орусия виза бербегендигине байланыштуу, Санкт-Петербургдагы башкы консулдугуна дайындала турган кадры жетишсиз болгон Нидерландиянын бул жерди 20-февралдан тарта жаба турганы да айтылды.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул койгондон бир ай өткөндөн кийин тыңчылык кылган 17 дипломатын Нидерландия өлкөдөн чыгарган.  Нидерландияга жооп иретинде 15 нидерландиялык дипломатты Орусия өлкөдөн чыгарган.



Тектеш кабарлар