Венгрия ЕБнин Орусияга жаратылыш газ, мунайзат жана атомдук энергия боюнча санкцияларын колдобойт

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан борбор шаар Будапештте өткөрүлгөн жылдык баа берүү жыйынында сөз сүйлөдү.

1948252
Венгрия ЕБнин Орусияга жаратылыш газ, мунайзат жана атомдук энергия боюнча санкцияларын колдобойт

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан өлкөсүнүн Европа Биримдигинин (ЕБ) Орусияга жаратылыш газ, мунай жана атомдук энергия боюнча санкцияларын колдобой турганын билдирди.

Орбан борбор шаар Будапештте өткөрүлгөн жылдык баа берүү жыйынында сөз сүйлөп, өлкөсүнүн Орусия-Украина согушуна байланыштуу тынчтыкты жактаганын, адамдардын өмүрүнүн ок атышпоо жана шашылыш тынчтык сүйлөшүүлөрү менен гана куткарыла аларын айтты.

Орбан да Орусиянын Европага коркунуч туудуруусун каалабагандарын, ошондуктан Орусия менен Венгриянын ортосунда эгемен Украинанын болушун колдогондорун айтты.

Виктор Орбан да Европа Биримдигинин согуштан улам Орусияга киргизген санкцияларына реакция кылып, санкциялардан улам инфляциянын жогорулаганын айтты.

Өлкөсүнүн Украинага гуманитардык жардам көрсөткөнүн, бирок Орусия менен карым – катнаштарын үзбөгөнүн билдирген Орбан Венгриянын Европа Биримдигинин Орусияга жаратылыш газ, мунайзат жана атомдук энергия боюнча санкцияларын колдобогонун айтты.



Тектеш кабарлар