Блинкен-Ван Йи сүйлөшүүсү тууралуу...

Прайс белгилегендей, Блинкен «Украинага каршы ырайымсыз согушунда Кытайдын Орусияга каржылык колдоо же системалык санкциялардан качуу үчүн жардам көрсөтүүсүнүн кесепеттери» тууралуу да эскерткен.

1948303
Блинкен-Ван Йи сүйлөшүүсү тууралуу...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытайдын Коммунисттик партиясынын (КПК) тышкы байланыштар боюнча Борбордук комитетинин директору Ван Йи менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нед Прайс жасаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Германияда өткөрүлгөн Мюнхен коопсуздук конференциясынын алкагында Кытайдын тышкы саясат боюнча жогорку даражалуу өкүлү Ванг Йи менен болгон жолугушуусунда Блинкендин, «АКШнын жер үстүндөгү аба мейкиндигинде Кытайдын жогорку  бийиктикти көзөмөлдөө шары менен АКШнын эгемендүүлүгүнүн жана  эл аралык укуктун кабыл алынгыс бузулушуна түздөн-түз тиешелүү болгон жана бул жоопкерчиликсиз жосун эч качан кайталанбашы керектигин баса белгилейт»,-деп айтканын баяндаган.

Билдирмеге караганда, АКШ эки жума мурда Кытайдын байкоочу шарын атып түшүргөндөн бери өз өлкөлөрүнүн ортосундагы биринчи жогорку деңгээлдеги байланышта Блинкен, 5 континенттеги 40тан ашык мамлекеттердин аба мейкиндигине кирген Кытайдын  бийик учуучу байкоочу шар программасын АКШнын дүйнөгө ачып бергенин маалымдаган.

Прайс белгилегендей, Блинкен ошондой эле «Украинага каршы ырайымсыз согушунда Кытайдын Орусияга каржылык колдоо же системалык санкциялардан качуу үчүн жардам көрсөтүүсүнүн кесепеттери» тууралуу да эскерткен.

Блинкен ушул айдын башында Бээжинге сапарын эки өлкөнүн ортосунда актуалдуу темага айланган шар окуясынан улам токтоткон болчу.



Тектеш кабарлар