Издөө - куткаруу иштерине катышкан чет элдик топтор өлкөлөрүнө кайтышууда
Кыргызтандын издөө - куткаруу тобуна ыраазычылык билдирилген Ардак грамотасы берилди.
Кахраманмарашта 6 - февралда болгон жана «кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөн, 11 облусту таасири астына алган 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн кийин аймактагы издөө - куткаруу иштерине катышкан чет элдик топтор өз өлкөлөрүнө кайтышууда.
Кырсык болгон аймактагы ишин аяктаган 24 адамдан турган Кыргызстандын издөө - куткаруу тобу Стамбул аэропортунан учуп кетти.
Топтогу майор Руслан Токтомамбетов : "Ушул күнгө чейин эң чоң апаат бул болду. Абдан кайгырдык. Бир эл, бир тектенбиз. Каныбыз, мекенибиз, динибиз бир. Түрк боордошторубуздун мындай абалда болушунан кагылануудабыз",- деди.
Кыргызтандын издөө - куткаруу тобуна ыраазычылык билдирилген Ардак грамотасы берилди.
Кыргызстандын издөө - куткаруу тобу фотографияга түшкөндөн кийин түрк аба жолдоруна таандык учак менен өлкөгө кайтты.
Венесуэланын издөө - куткаруу тобу да Стамбул аэропортунан өлкөлөрүнө узатылды. Узатуу аземине венесуэлалык топко ыраазычылык грамотасы берилди.
Издөө - куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Кытайдан жана Кытайдын Гонконг атайын административдик аймагынан Түркияга жиберилген куткаруучу топтор да өлкөлөрүнө кайтышты.
441 кытайлык куткаруучу жана жардам кызматкери апаат аймагындагы куткаруу иштерине катышып, ондогон адамдын урандыдан чыгарылышында чоң роль ойноду.