Россияда чет элдик сөздөргө чектөө киргизилди

Россияда парламенттин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Дума кат алышууда чет элдик сөздөрдү колдонууга чектөө киргизген мыйзамды кабыл алды.

1947456
Россияда чет элдик сөздөргө чектөө киргизилди

Россияда парламенттин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Дума кат алышууда чет элдик сөздөрдү колдонууга чектөө киргизген мыйзамды кабыл алды.

Думада болуп өткөн сессияда Россиянын мамлекеттик жана менчик  секторлорунда орус адабий тилинин нормаларын сактоо боюнча мыйзам кабыл алынды.

Бул мыйзам боюнча мамлекеттин жана менчик ишканаларда орус тилинде эквиваленти жок жана сөздүктөрдө болбогон сөздөрдүн тышында кат алышууларда чет тилинен келген сөздөр колдонулушуна тыюу салынды.

Өзгөчө мыйзам боюнча орус адабий тилинин нормаларына туура келбеген жаргон сөздөрдү колдонууга тыюу салынды.

 

 



Тектеш кабарлар