Никол Пашинян тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн үмүттүү

Пашинян Министрлер кеңешинин жыйынында өлкөсү менен Азербайжандын ортосунда кол коюлушу пландалган тынчтык келишимине байланыштуу сүйлөшүүлөргө баа берди.

1947475
Никол Пашинян  тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн үмүттүү

Армениянын премьер - министри Никол Пашинян өлкөсү менен Азербайжандын ортосунда тынчтык келишимине кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш болорунан  үмүттүү экендигин билдирди.

Пашинян Министрлер кеңешинин жыйынында өлкөсү менен Азербайжандын ортосунда кол коюлушу пландалган тынчтык келишимине байланыштуу сүйлөшүүлөргө баа берди.

Пашинян Азербайжан менен тынчтык жана карым-катнаштардын түзүлүшүнө байланыштуу  келишим долбоорунун кийинки иштерин аяктагандарын белгилеп, сунуштарын Баку администрациясына жөнөткөндөрүн айты.

Пашинян долбоор текстин Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУнун Минск тобунун тең төрагалыгын аткарган өлкөлөргө да жиберилгендигин белгиледи.

Текст кол коюга даяр болушу керек деген ой менен иштешкендерин жана долбоордун Азербайжан тарабынан да кабыл алына тургандай мазмунда болушу керектигине токтолгон Пашинян : «Үч тур сүйлөшүүлөрдүн акырында  жылыш болорунан үмүттүүбүз»,- деди.

Пашинян келишимге тез арада кол коюу үчүн жоопкерчиликти алууга  даяр экендигин айтты.

Азербайжан Армения менен 2022 - жылы кол коюлушу пландалган келишим долбоорун 5 негизги принципке ылайык даярдап, Арменияга сунуштаган.

Ушул боюнча тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн эки айлампасы өттү.

Тынчтык келишими боюнча үчүнчү көз караш пакети Арменияга сунушталган. Бирок 2022 - жылдын 23 - декабрында Россиянын борбору Москвада өткөрүлүшү пландалган сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы Армениянын  баш тартуусу менен токтотулган.



Тектеш кабарлар