Столтенберг: «Орусия чабуулун баштады»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 14-15-февралда өтө турган НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынын алдында маалымат жыйын өткөрдү.

1945951
Столтенберг: «Орусия чабуулун баштады»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын жазында Украинага каршы жаңы чоң чабуулун баштаарын күтүүсүнө байланыштуу Орусия фронтко кошумча миңдеген аскерлерин жиберип, чабуул баштаганын айтты.

Столтенберг 14-15-февралда өтө турган НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынын алдында маалымат жыйын өткөрдү.

Орусиянын Украинага кол салуусунун башталышынан бери дээрлик бир жыл өткөнүн эске салган Столтенберг, Орусиянын жаңы чоң чабуулун баштоосун күткөнү тууралуу суроого: «Чындыгында, биз чабуул башталганын көрдүк. Анткени азыр көрүп жаткан нерсе - Орусиянын президенти Владимир Путин фронтко миңдеген аскерлерди жөнөтүп, чоң жоготууларды тобокелге салып, украиндерге кысымды күчөттү»,-деди.

Украинанын НАТО өлкөлөрүнөн согуштук учактарды талап кылуусу тууралуу пикири суралган Столтенберг, согуштук учактарды жөнөтүүнүн абдан узак мөөнөттүү колдоо болоорун, кыска мөөнөттө Украинага колдоонун кантип көбөйтүлөөрүн кароо керектигин айтты.

Согуштун башталышынан бери алгач танкка каршы системалар, андан кийин артиллериялык системалар, андан соң абадан коргонуу жана оор курал-жарактар ​​жөнөтүлгөнүн эске салган Столтенберг, НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин эртеңки жыйында учак жөнөтүү маселесин караштарын күткөнүн айтты.



Тектеш кабарлар