Румен Радев Шарль Мишель менен сүйлөштү

Болгариянын маалымат агенттигинин (БТА) кабарына караганда, президент Радев менен Мишель видеоконференция аркылуу сүйлөштү.

1943695
Румен Радев   Шарль Мишель менен сүйлөштү

Болгариянын президенти Румен Радев Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен сүйлөштү.

Болгариянын маалымат агенттигинин (БТА) кабарына караганда, президент Радев менен Мишель видеоконференция аркылуу сүйлөштү.

Европанын миграция саясатында жөнгө салуу зарылчылыгы талкууланган сүйлөшүүдө Европа Биримдигинин тышкы чек арасын түзгөн жана түздөн - түз миграция кысымына дуушар болгон өлкөлөр менен дагы көп тилектештиктин керек экендиги айтылды.

24 - февралдан бери уланып жаткан Украина - Россия согушунун Европадагы терс коопсуздук кесепеттери талкууланган сүйлөшүүдө кагылышуулардын Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн экономикасына тийгизген таасири да каралды.

 Радев сүйлөшүүдө Европа Биримдиги менен кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан Түндүк Македониянын өлкөдө Болгарияга каршы кампания жүргүзүп жаткандыгын айтты.

Сүйлөшүүнүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселде 9 – 10  -  февралда өткөрүлө турган Европа Биримдиги лидерлеринин кезексиз саммитине даярдыктын негизинде өткөрүлгөндүгү билдирилди.  

 



Тектеш кабарлар