Перудагы сел жана жер көчкүдөн 40 киши каза болду

Жетекчилер кыйроодон жабыркагандарга жардам жеткирүү аракеттеринин көрүлүп жатканын жарыялашты.

1943491
Перудагы сел жана жер көчкүдөн 40 киши каза болду

Түштүк Америка өлкөсү Перуда нөшөрлөгөн жамгырдан улам  болгон сел жана жер көчкүдө 40 киши каза болду.

Перу басма сөздө орун алган кабарга караганда Арекипа, Секоча жана Камана провинцияларында катуу жааган жамгырдын натыйжасында көп киши каза болду.

Кырсыктан 40 адам каза болуп, 5 адам дайынсыз жоголгондугун Өзгөчө кырдаалдар борбору (COER) билдирди.

Жер көчкүдөн 5 миң 495 үй, 538 чакырым жол жана 34 көпүрөнүн жараксыз абалга келгендиги маалымдалды.

Миңдеген киши үйсүз калган селде издөө - куткаруу иштери уланууда. Кырсык эң көп болгон Арекипа аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Жетекчилер кыйроодон жабыркагандарга жардам жеткирүү аракеттеринин көрүлүп жатканын жарыялашты.



Тектеш кабарлар