Германиянын Түркия менен тилектештиги

Шольц парламентте сүйлөгөн сөзүндө эл өкүлдөрүнө кайрылды.

1944005
Германиянын Түркия менен тилектештиги

Германиянын канцлери Олаф Шольц, 6-февралдагы очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин Германиянын Түркия менен тилектештикте экенин дагы бир жолу ырастады.

Шольц парламентте сүйлөгөн сөзүндө эл өкүлдөрүнө: «Ушунчалык кайгы жана кыйроолорго таң калдык»,- деди.

Түркия менен тилектештикте экендиктерин баса белгилеген Шольц: «Биздин өкмөт дароо түрк өкмөтүнө колдоо көрсөтүүгө убада берди. Кечээ президент Режеп Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүмдө муну дагы бир жолу тастыктадым»,-деп айтты.

Шольц немис издөө куткаруу топтору менен техникалык адистердин жер титирөө болгон аймакта иштей баштаганын жана кошумча топтордун жолдо экенин билдирди.

Президент Эрдоган менен Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакистин телефон аркылуу сүйлөшүүсүн мактаган Шольц: «Мындай апаттарда жакындашып, бири-бирибизге колдоо көрсөтүүбүз керек»,-деди.



Тектеш кабарлар