Сомалиландда армия менен оппозицичылдардын арасында кагылышуу чыкты

Өткөн айда Сомалиде болгон митингдерде көп сандаган киши каза болгон.

1943211
Сомалиландда армия менен оппозицичылдардын арасында кагылышуу чыкты

Сомалиден бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Сомалиланддын Лас - Анод шаарында аскерлер менен өкмөткө каршы чыккандардын кагылышында 40ка жакын адам каза болду.

Лас -  Анод саламаттыкты сактоо топторунан алынган маалыматка караганда шаардагы кагылышууда араларында аялдар менен балдар болгон 40ка жакын киши каза болуп, 60тан ашуун киши жаракат алды.

Сомалиланд өкмөтү кагылышуунун куралдуу оппозициячылдардын аскерлерге кол салуусу менен баштагандыгы белгиленип, оппозиция топтору өткөргөн жыйындын Сомалиланд  аскерлери тарабынан басылып алынгандыгын билдирди.

Оппозициячылдар Сомалиланд аскерлеринин Соол, Санааг жана Жейни аймактарынан чыгып, бул аймактардын Сомали мамлекетине карашын каалап жатышат.

Өткөн айда Сомалиде болгон митингдерде көп сандаган киши каза болгон.



Тектеш кабарлар