Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушундагы орус аскер күчтөрүнүн аракеттери тууралуу маалымат менен бөлүштү.

1942675
Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Донецк аймагындагы Николаевка конушун көзөмөлгө алганын билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушундагы орус аскер күчтөрүнүн аракеттери тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Ар кайсы аймактарда 300гө жакын украин аскеринин таасирсиз абалга келтирилгенин билдирген Конашенков, Америкада жасалган 15 көп түтүктүү ракета аткыч HIMARS ракетасынын аткыланганын айтты.

Конашенков Украина армиясына таандык 4 учкучсуз учуучу аппараттын акыркы 24 саатта жок кылынганын белгилеп: «Штурмдук бөлүктөрдүн ыктыярчылары Орусиянын түштүк күчтөрү тобунун Донецк багытындагы артиллериялык жана ракеталык бөлүктөрүнүн колдоосу менен Донецк Эл Республикасындагы Николаевка  конушун бошотушту»,-деп айтты.

Маалымат катчысы Конашенков: «Ушул убакка дейре Украинага таандык 382 учак, 206 тик учак, 3 миң 27 учкучсуз учуучу аппарат, 403 абадан коргонуу ракеталык системасы, 7 миң 759 танк жана брондолгон унаа, 1009 көп түтүктүү ракета аткычтар, 4 миң 12 гаубицалар жана минометтор жана 8 миң 276 жеке аскердик унаа жок кылынды»,-деп билдирүү жасады.



Тектеш кабарлар