Орусия гидрометеорологиялык спутник учурду

Учуруу учуру Орусиянын Федералдык космостук агенттигинин (Роскосмос) расмий сайтында түз эфирде көрсөтүлдү.

1942120
Орусия гидрометеорологиялык спутник учурду

Орусия Казакстандын Байконур космос станциясынан «Протон-М» оор жүк ташуучу ракетасы менен «Электро-Л» гидрометеорологиялык спутнигин космоско жөнөттү.

Учуруу учуру Орусиянын Федералдык космостук агенттигинин (Роскосмос) расмий сайтында түз эфирде көрсөтүлдү.

Жерден болжол менен 35 миң километр бийиктикте орбитага жайгаштырылышы күтүлгөн спутник ар бир 15-30 мүнөт сайын аба ырайын алдын ала айтууга жардам берип, маалымат берип турат.

Бул учуруу менен Орусия 2023-жылы биринчи космостук учурууну ишке ашырды.



Тектеш кабарлар