АКШ Кытайдын тыңчы шарын атып түшүрдү

60 миң фут бийиктикте учкан «үч мектеп автобусунун чоңдугу» деп айтылган шардын сыныктарын чыгаруу иштери уланууда.

1942041
АКШ Кытайдын тыңчы шарын атып түшүрдү

 

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) аба мейкиндигинде Кытайдын «тыңчылык шары» америкалык аскерлер тарабынан атып түшүрүлдү.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Кытайдын борбор шаары Пекинге сапарын кийинкиге калтыруусуна себеп болгон кытайлык «тыңчы шары» Американын аймактык сууларында Атлантика океанынын үстүнө келгенде Америка армиясына таандык реактивдүү учактар ​​тарабынан атып түшүрүлдү.

60 миң фут бийиктикте учкан «үч мектеп автобусунун чоңдугу» деп айтылган шардын сыныктарын чыгаруу иштери уланууда.

АКШ президенти Жо Байден, Кытайга таандык «шпиондук шардын» атып түшүрүлүшү боюнча: «Шаршемби күнү мага шар тууралуу маалымат берилгенде, мен АКШнын Коргоо министрлигине (Пентагон) аны мүмкүн болушунча тезирээк түшүрүүнү тапшырдым»,-деди.

Коргоо министрлигинин шар материктин үстүндө турганда эч кимге зыян келтирбөө үчүн «эң жакшы учурду» күткөнүн айткан Байден, операция жүргүзгөн аскерлерди куттуктады.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин да : «Кытайджын АКШнын материгиндеги стратегиялык аймактарды көзөмөлдөө үчүн колдонгон шар АКШнын аймактык сууларынын үстүнө түшүрүлдү»,-деп жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Америка армиясынын командирлеринин аба шарын чоңдугу, бийиктиги жана байкоо мүмкүнчүлүгүнөн улам кургактыкта ​​атып салуунун «керексиз бир тобокелчиликти» жаратат деген чечимге келгенин белгилеген Остин, шардын багыты жана чалгындоо иш-чаралары жакындан байкалганын айтып, шарды түшүрүү аракети Канада өкмөтүнүн координациясы жана колдоосу менен ишке ашырылганын белгиледи.

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) 2-февралда Кытайга таандык делген бийик учуучу чалгындоо шары АКШнын материгинин үстүнөн учуп баратканын жана Америка армиясы шарды ээрчип жүргөнүн жарыялады.

Кытай бийликтери шардын Кытайдын жарандык учагы экенин, метеорологиялык изилдөө үчүн колдонулганын жана шамалдын сүйрөөсүнөн кокустан АКШнын аба мейкиндигине кирип кеткенин айтышты.



Тектеш кабарлар