Путин Коопсуздук кеңеши менен террор менен күрөшүү тууралуу сүйлөштү

Кремлден  берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Путин Россиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен онлайн жолугушуу өткөрдү.

1941816
Путин Коопсуздук кеңеши менен террор менен күрөшүү тууралуу сүйлөштү

Россиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинде  өлкөсүндөгү терроризмге каршы күрөшүү маселесин талкуулады.

Кремлден  берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Путин Россиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен онлайн жолугушуу өткөрдү.

Жыйынга Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев, ошондой эле өкмөт мүчөлөрү, анын ичинде Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу, Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортников жана Россиянын тышкы чалгындоо кызматынын (СВР) башчысы Сергей Нарышкин катышты.

Путин жыйындын басма сөзгө  ачык бөлүгүндө   сүйлөгөн сөзүндө : "Өлкөбүздүн ички коопсуздугу үчүн өтө маанилүү болгон жана акыркы жылдарда дүйнөнүн көп өлкөлөрү үчүн маанисин жоготпогон жана бүгүн биз үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселени талкуулайбыз. Бул жерде терроризмге каршы күрөшүү маселеси турат",- деди. 

Бир тараптан Россиянын Брянск облустук администрациясынан берилген маалыматка караганда Украина чек арасындагы Брянск аймагында мурда жарыяланган жогорку террор коркунучу абалы белгисиз мөөнөткө узартылды.



Тектеш кабарлар